Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-февралы № 3849-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына озгертүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинип Регламенти жөнүндо", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Ксцеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынып долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары К. Абдиев жана Т.Т. Туманов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Регламенти жөпүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Жогорку Кенештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин комитета (А.Т. Алтыбаева) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине киргизси.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров |