Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 14-февралы № 174-IV
Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын
парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө
Парламенттер аралык Бирликтин алкагында активдүү парламенттер аралык кызматташтыкка умтулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы төмөнкү депутаттардын курамында түзүлсүн:
А.К.Мадумаров - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегация башчысы
Б.Т.Абдырасаков
Н.С.Атамбаев
О.А.Аттокуров
З.Бекенова
Г.Т.Дербишева
И.К.Жунусов
А.Ш.Жээнбеков
А.А.Калмаматов
С.В.Попов
Г.Т.Султаналиева
2. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.
3. 2005-жылдын 27-апрелиндеги № 211-III "Парламенттер аралык союзга Кыргыз Республикасынын Парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Төрага | А.Мадумаров |