Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 14-февралы № 175-IV
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун
Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын
парламенттик делегациясын түзүү тууралу
Активдүү парламенттер аралык кызматташтыкка умтулуп жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна катышкан мамлекеттердин ортосунда ар тараптуу парламенттик кызматташтыкты андан ары тереңдетүүнүн зарылдыгын таанып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы төмөнкү депутаттардын курамында түзүлсүн:
А.К.Мадумаров - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегация башчысы
Б.Акунов А. А.Калмаматов
Э.С.Арсалиев А.Т.Мамасалиев
А.Б.Байтиков А.А.Сабиров
Ж.А.Жээнбеков Б.А.Сан
Т.А.Жумабекова Р. В.Сидоренко.
Б.Т.Иманалиев
2. Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын туруктуу комиссиясына төмөнкүлөр жиберилсин:
А.А.Сабиров, Б.Акунов, А.Б.Байтиков, Т.А.Жумабекова - коргоо жана коопсуздук маселелер боюнча туруктуу комиссияга;
А.Т.Мамасалиев, Э.С.Арсалиев, Б.Т.Иманалиев, Б.А.Сан - саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссияга;
А.А.Калмаматов, Ж.А.Жээнбеков, Р.Б.Сидоренко - социалдык-экономикалык жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссияга.
3. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.
Төрага | А.Мадумаров |