Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-февралы № 3858-V
Кыргыз Республикасында 2014-жылы жазгы талаа жумуштарын өткөрүүгө даярдыктардын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында 2014-жылы жазгы талаа жумуштарын өткөрүүгө даярдыктардын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри Т.А.Айдаралиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
агротехникалык чараларды сактоо менен жазгы талаа жумуштарын өз учурунда өткөрүү максатында айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн күйүүчү-майлоочу материалдарга, минералдык жер семирткичтерге жана пестициддерге болгон керектөөлөрүн камсыз кылуу боюнча маселени чечсин, бул учурда республиканын алыскы региондоруна өзгөчө көңүл бурсун;
мамлекеттик лизинг багыты боюнча айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн техникалык кредиттин пайыздык ставкасын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карасын;
"Айыл чарбасын каржылоо-2" долбоорунун кредиттик портфелинин көлөмүн жогорулатуу боюнча маселени карасын;
2014-жылдын февралынан апрелине чейинки айларда айылдык товар өндүрүүчүлөрдү банктардын кредиттөөсү жөнүндөгү маселени чечсин;
республиканын ириггациялык тутумдарын учурдагы жана капиталдык оңдоо үчүн арналган бюджеттик каражаттарды 2014-жылдын 1-кварталында 70 пайызга чейин каржылоону камсыз кылсын;
республиканын аймагындагы суу чарба бассейндеринин башкаруусунда турган насостук станцияларды тейлөөгө багытталган бюджеттик каражаттарды өз учурунда бөлүү жөнүндөгү, электр энергиясын керектөөнүн акысына бюджеттик каражаттарды өз учурунда чегерилбегендигинен улам пайда болгон карыздар боюнча алымдарды (туумдарды) төлөөнү жокко чыгаруу тууралуу маселени карасын;
айрым суу чарбасынын башкармалыгынын карамагында турган жогорку чыңалуудагы электр подстанцияларын Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин балансына берүүнү камсыз кылсын;
республиканын айыл, суу чарба тармактарынын жумушчуларынын жана кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө маселени чечсин;
Өзбекстан өкмөтү менен бирдикте КММ (33 вагонду, 2000 тоннаны) негизсиз кармоо жөнүндө жана вагондордун Кыргыз Республикасынын аймагына өз учурунда өтүүсүн камсыз кылуу тууралуу маселени чечсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2014-жылдын апрелинде маалымат берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетине (С.К.Нышанов) жүктөлсүн.
|
|
|
|
|
|
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров
|
|
|