Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-апрели № 1108-IV
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик
кызмат боюнча кеңештин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин бешинчи бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 171-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен депутаттар Мария Насирдиновна Исанова жана Дүйшөнбек Шакирович Кыдыров бир жылдык мөөнөткө Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөлүгүнө дайындалсын.
2. 2008-жылдын 14-февралындагы № 167-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Төрага | А.Тагаев
|