Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 15-февралы № 191-IV
"Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү
тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата
Кыргыз Республикасынын Президентинин
каршы пикирлери жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2007-жылдын 26-июнунда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерине макулдук берилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү тууралу мыйзам долбоорун бир айлык мөөнөттө иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитетине (З.К.Курманов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Мадумаров
|