КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 15-февралы № 194-IV
"Бишкек шаарында 2007-жылдын 23-августунда кол коюлган KfW,
Майндагы Франкфурт, менен Казакстан Республикасынын, Кыргыз
Республикасынын, Тажикистан Республикасынын жана Өзбекстан
Республикасынын ортосундагы "Борбордук Азияда Кургак учук
менен күрөшүү боюнча программага тиешелүү даярдык жана
квалификацияны жогорулатуу боюнча иш-чара (ДКЖ)" долбоору
боюнча 1200000,00 евро суммасына каржылык грант берүү
жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2007-жылдын 18-декабрындагы № 601 токтом) "Бишкек шаарында 2007-жылдын 23-августунда кол коюлган KfW, Майндагы Франкфурт, менен Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикистан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы "Борбордук Азияда Кургак учук менен күрөшүү боюнча программага тиешелүү даярдык жана квалификацияны жогорулатуу боюнча иш-чара (ДКЖ)" долбоору боюнча 1200 000,00 евро суммасына каржылык грант берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | А.Мадумаров |