Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 21-февралы № 210-IV
"Брюссель шаарында 2007-жылдын 1-июнунда кол коюлган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа Коомдоштугунун
ортосундагы Аба каттамынын айрым аспекттери боюнча
макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2007-жылдын 22-октябрындагы № 489 токтом) "Брюссель шаарында 2007-жылдын 1-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа Коомдоштугунун ортосундагы Аба каттамынын айрым аспекттери боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | А.Мадумаров |