Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 6-марты № 231-IV
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу
жыйынынын 2004-жылдын 25-июнундагы З № 1689-II токтому
менен бекитилген Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү
жүргүзүүдө контролдук-кассалык машиналарды колдонуу
жөнүндө жобого толуктоолор киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2004-жылдын 25-июнундагы З № 1689-II токтому менен бекитилген Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө жобого төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
4-пунктун экинчи бөлүгү төмөнкү мазмундагы "з)" жана "и)" пунктчалар менен толукталсын:
"з)" кошумча нарк салыгынын суммасын;
и) калкка акыга кызмат көрсөткөндүк үчүн жана чекене сатуулардан алынуучу салыктын суммасын.".
2. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага |
А.Мадумаров
|