Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 25-октябры ПБ № 111-П
Кыргыз Республикасынын Президентинин конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча анын ишин укуктук камсыздоо жана нормативдик укуктук базаны калыбыны келтирүү үчүн:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин архиви 1990-жылдан 2010-жылдын 7-апрелине чейинки мезгилде чыгарылган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын вице-президентинин бардык актыларынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин буйруктарынын көчүрмөлөрүн алып, аларды андан ары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнө өткөрүп берсин.
2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик катто кызматынын алдындагы Архив агенттиги 1990-жылдан 2010-жылдын 7-апрелине чейинки мезгилде чыгарылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун жана буйруктарынын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйруктарынын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат Жетекчисинин буйруктарынын көчүрмөлөрүн алып, аларды андан ары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнө өткөрүп берсин.
3.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын редакциялык-басма бөлүмү 1980-2006-жылдар мезгилиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомостторунун бирден нускаларын же болбосо алардын көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнө өткөрүп берсин.
4.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул тескемеден келип чыгуучу финансылык, уюштуруучулук жана башка маселелерди чечсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |