Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 13-марты № 255-IV
Э.Турсуналиевдин элесин түбөлүк калтыруу
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын маданиятынын жана искусствосунун көрүнүктүү ишмери, кыргыздын залкар акыны Эстебес Турсуналиев 2005-жылдын 10-октябрында 74 жашында дүйнөдөн кайткан.
Төкмө акын элдик ырларды аткаруучу катары ал кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгын өнүктүрүүгө зор салым кошкон.
Э.Турсуналиевдин эмгеги жана таланты элибиз жана мамлекетибиз тарабынан татыктуу бааланган. Ага "СССРдин эл артисти", "Кыргыз ССРинин эл артисти" деген жогорку наамдар, Токтогул атындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган, биринчи даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Андан тышкары ага Казахстан Республикасынын "Халык акыны" деген жогорку наамы ыйгарылган.
СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти Э.Турсуналиевдин улуттук маданияттын жана искусствонун өнүгүшүнө кошкон зор салымын, ошондой эле эл менен мамлекетке сиңирген өзгөчө эмгегин эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Э.Турсуналиевдин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча төмөнкү маселелерди чечсин:
-Бишкек шаарында мемориалдык музей түзүү, эстелигин тургузуу жана көчөлөрдүн бирине анын ысымын ыйгаруу жөнүндө;
-Бишкек шаарында ал жашаган үйдүн сырткы дубалына мемориалдык такта орнотуу жөнүндө;
-Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын фойесине бюстун коюу жөнүндө;
-Талас областынын Талас шаарынын көчөлөрүнүн бирине жана Манас районунун мектептеринин бирине анын ысымын ыйгаруу жөнүндө.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана маалыматтык саясат боюнча комитетине (И.Ш.Өмүркулов) тапшырылсын.
3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарылансын.
Төрага |
А.Мадумаров
|