Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 14-марты № 261-IV
2008-жылдын 14-мартына Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2008-жылдын 14-мартына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
"Депутат М.Т.Мамасаидовду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана маалыматтык саясат боюнча комитетинин курамына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Минск шаарында 2006-жылдын 28-ноябрында кабыл алынган 2007-2010-жылдарга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Адамдарды сатууга каршы күрөшүүдөгү кызматташтыгынын программасы жөнүндө чечимди ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Минск шаарында 2006-жылдын 24-ноябрында кол коюлган Кез карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин аймагында Уюмдашкан кылмыштуулукка жана кылмыштардын башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөшүүнү координациялоо боюнча бюро жөнүндө жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кенешинин чечимин ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Казань шаарында 2005-жылдын 26-августунда кол коюлган 2006-2008-жылдарга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүүдөгү кызматташтыгынын программасы жөнүндө чечимди ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Тбилиси шаарында 2005-жылдын 3-июнунда кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин аймагына Келүүчү үчүнчү мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө жобо тууралу чечимди ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери жөнүндө;
"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын Фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, Аппаратынын, Иш башкармалыгынын жана Автотранспорт ишканасынын кызматкерлерине материалдык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Алтынкөл" пансионатын жайкы ден соолукту чыңдоо мезгилине даярдыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.
Төрага | А.Мадумаров
|