Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 20-марты № 274-IV
2008-жылдын 20-мартына Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2008-жылдын 20-мартына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
"2008-жылда жазгы-талаа жумуштарын өткөрүүгө даярдык боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, алардын жардамчылары менен консультанттарынын, Аппаратынын, Иш башкармалыгынын жана Автотранспорт ишканасынын кызматкерлеринин иш сапарынын чыгымдарына акы төлөөнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу;
"Нооруз элдик майрамын жана Элдик революция күнүн майрамдоого байланыштуу сыйакы берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу.
Төрага | А.Мадумаров
|