Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 20-марты № 275-IV
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
2008-жылдын 20-мартындагы жыйналышын
чагылдыруу жөнүндө
Жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана натыйжалуу өткөрүүнүн маанилүүлүгүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоуктуруу корпорациясы (М.А.Эшимканов) улуттук телекөрсөтүү боюнча "2008-жылда жазгы талаа жумуштарын өткөрүүгө даярдануу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралу" маселени кароо боюнча 2008-жылдын 20-мартындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын репортажын көрсөтүүнү камсыз кылсын.
Төрага | А.Мадумаров
|