Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 20-марты № 276-IV
2008-жылда жазгы-талаа жумуштарын өткөрүүгө даярдык
боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралу
2008-жылда жазгы-талаа жумуштарын өткөрүүгө даярдык боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер министри И.Р.Айдаралиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2008-жылда жазгы-талаа жумуштарын өткөрүүгө даярдык боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер министри И.Р.Айдаралиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү, күйүүчү майлоочу материалдар, минералдык жер семирткичтер, химикаттар менен толук көлөмдө камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн жана жер титирөөдөн жабыр тарткан аймактар менен алыскы тоолуу райондорго өзгөчө көңүл бурсун;
- республикада минералдык жер семирткичтерди өндүрүү боюнча чакан заводдорду куруу жөнүндө маселени чечүү үчүн тике инвестицияларды тартуу боюнча эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүү боюнча иш-чаралардын планын түзсүн;
- жер титирөөдөн жабыр тарткан айылдык товар өндүрүүчүлөргө айыл чарба техникасын сатып алууга жеңилдетилген техникалык кредиттерди берүү жөнүндө маселени карасын;
- мамлекеттик жана менчик үрөн чарбалары менен селекция станцияларын мамлекеттик колдоо боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
- жазгы-талаа жумуштарын өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бөлүнүп берилген үрөндөрдү, күйүүчү-майлоочу материалдарды райондук борборлорго өз убагында жеткирүүнү камсыз кылууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын милдеттендирсин;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн сатып алуу үчүн 60 млн. сом кошумча бөлүп берүү жөнүндө маселени чечсин жана бюджеттик жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча "2008-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу мыйзам долбоорун даярдоо менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин кароосуна киргизсин;
- жаңы түшүмдүн азык-түлүк буудайын мамлекеттик сатып алуу жүзөгө ашырыла турган эң төмөнкү баа жөнүндө калкка маалымдасын;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигин реформалоо жөнүндө маселени карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, областтык жана райондук мамлекеттик администрациялар өткөрүлүүчү тендерлердин же сынактардын ачыктыгынын жана бүдөмүксүздүгүнүн принциптерине негизденип, келип түшүүчү айыл чарба техникасын айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн ортосунда адилет бөлүштүрүүнү камсыз кылсын.
4. Иштин жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2008-жылдын 1-майына карата маалымдасын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жер-агрардык маселелер жана экология боюнча комитети (Ж.А.Жээнбеков) менен Региондук өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетине (А.М.Салымбеков) тапшырылсын.
Төраганын орун басары | Ч.Баекова
|