Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 3-апрели № 279-IV
2008-жылдын 3-апрелине Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кеңешинин
жыйналышынын күн тартибин бекитүү
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2008-жылдын 3-апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
2008-жылдын апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планын бекитүү жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу ("Ишканалардан, бирикмелерден жана уюмдардан алынуучу салыктар жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларды жоюу үчүн каражаттарды чегерүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына);
"Чакан ишкердиктин субъекттерине салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Чегерилген пайыздар, пенялар, финансылык, айыптык санкциялар жана кайтарылгас карыздар боюнча карызды реструктуризациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасынын Бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын 2006-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын 2005-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.
Төраганын орун басары |
Ч. Баекова
|