Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 3-апрели № 286-IV
"Кыргыз Республикасынын 2006-жылдагы республикалык
бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2007-жылдын 11-майындагы № 163 токтом) "Кыргыз Республикасынын 2006-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын кыйшаюсуз сактоо боюнча чараларды көрсүн;
2008-жылдын 29-январындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын 2006-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышынын аудитинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун аткаруу боюнча кабыл алынган чаралар тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берсин;
салыктар жана кайтарымсыз салык карыздары боюнча ашыкча төлөөлөрдүн суммасын азайтуу, ошондой эле дивиденддер боюнча карыздарды биринчи кезектеги тартипте тындыруу боюнча чараларды карасын;
ал келип түшүүлөрдүн иш жүзүндө күтүлгөн көлөмдөрүнө негизденип, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландык көрсөткүчтөрүн аткарууну камсыз кылуу максатында атайын каражаттар боюнча түшүүлөрдү божомолдоону жүзөгө ашырсын;
бюджеттин тартыштыгынын параметрлерин аныктоонун бирдиктүү усулун иштеп чыгуу боюнча Мамлекеттик финансы статистикасынын жана "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ылайык келтирсин;
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына республикалык бюджеттин отчеттук параметрлеринин бузулушуна жол бербөө боюнча талаптарды караган өзгөртүү жана толуктоо киргизсин.
Төраганын орун басары | Ч.Баекова
|