Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 4-апрели № 300-IV
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы
И.Т.Гайпкуловдун 2007-жылдагы ишине баа берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы И.Т.Гайпкуловдун 2007-жылдагы иши канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы республиканын мамлекеттик аудитин өркүндөтүү максатында:
- аудиттин натыйжалары боюнча сунуштарды аткарууга карата талаптарды жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын укуктарын жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын укуктарын кеңейтүүнү тиешелүү мыйзам актыларында камсыз кылып, табылган каржылык тартип бузуулардын ордун толтуруунун толуктугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
- "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен каралган бюджеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү кеңештер тарабынан сакталышынын аудитин күчөтсүн жана алардын аткарылышы боюнча баа берүүнү камсыз кылсын;
- депозиттик эсептерди түзүүнүн жана пайдалануунун тууралыгынын маселелери боюнча аудитордук жоопкерчиликти жогорулатсын;
- коңшу мамлекеттер менен бажы органдарынын чагылдыруу статистикасындагы четтөөлөрдү жогору боюнча чараларды көрсүн;
- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- аудиттин улуттук стандарттарын тезирээк кабыл алууну жана каржы тартип бузууларынын түрлөрүн оптималдаштырууну эске алуу менен мамлекеттик аудиттин жаңы усулун жайылтууну;
- ички аудиттин ишин аудиттин милдеттерин кайталоону четтетүү жана негизсиз текшерүүлөрдү кыскартуу үчүн фискалдык жана укук коргоо органдары менен координациялоону;
- региондук статистиканын көрсөткүчтөрүнүн алардын иш жүзүндөгү экономикалык жана бюджеттик дараметтерине ылайык келишин;
- каржылык тартип бузууларды, уурдап жок кылууларды, ошондой эле бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланууларды тапкан каралбай калган аудиттин материалдары боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине:
- 2007-жылда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан жүргүзүлгөн аудиттердин натыйжалары боюнча мамлекеттик каражаттарды жок кылгандык, уурдап жок кылгандык жана бюджеттик каражаттарды чыгымдоо боюнча мыйзамдардын талаптарын сактабагандык түрүндөгү каржылык тартип бузууларга жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилигине карата;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттигинин жана "Таза суу" программасынын 2007-жылда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан жүргүзүлгөн аудиттеринин натыйжалары боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтарды берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана каржы боюнча комитетине (А.А.Шадиев) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Ч.Баекова
|