Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 4-апрели № 302-IV
"Манас Менеджмент компаниясы" ЖТАКсын "Бишкек" ЭЭЗсынын
курамына кайра киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн сунушунун мыйзамдуулугун иликтөө үчүн
депутаттык комиссия түзүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Манас Менеджмент компаниясы" жабык түрдөгү акционердик коомун "Бишкек" эркин экономикалык зонасынын курамына кайра киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушунун мыйзамдуулугун иликтөө үчүн депутаттык комиссия Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттарынын курамында түзүлсүн:
"Ак жол" элдик партиясынын депутаттык фракциясынан:
Ч.Г.Абдуллаева;
Э С.Арсалиев;
М.Н.Исанова;
С.К.Кадыралиев;
Н.К.Койчубаков;
А.С.Кулбаев;
Б М.Наргозуев;
А.Т.Сулайманов;
Б.Э.Төрөбаев;
П.Р.Тулендыбаев;
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын депутаттык фракциясынан:
О.М.Артыкбаев;
А.Ш.Жээнбеков;
Д.А.Ниязалиева;
Кыргызстан коммунисттеринин партиясынын депутаттык фракциясынан:
Х.З.Коркмазов;
У.Б.Мамасейитова.
Төраганын орун басары | Ч.Баекова
|