Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 10-апрели № 303-IV
2008-жылдын 10-апрелине Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кеңешинин
жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2008-жылдын 10-апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Достук" коомдук багбанчылык бирикмесинин участогуна айылдын статусун берүү жана аны Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Пригородный айылдык кеңешине кошуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор Киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2007-жылдын 26-декабрында жана 2008-жылдын 1-январында Ош облусунун Карасуу, Алай, Өзгөн жана Ноокат райондору менен Ош шаарында болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Ош облустук мамлекеттик администрациясынын жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралары жөнүндө жана турак жай куруу үчүн жер бөлүп берүү (трансформациялоо) тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"Алтын-Көл" пансионатын алдыдагы жайкы ден соолукту чыңдоо мезгилине даярдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Алтын Көл" пансионатына жолдомонун наркын төлөп берүүгө компенсация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"2008-жылдын апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планына кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.
Төраганын орун басары | Ч.Баекова
|