Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 10-апрели № 312-IV
Ош областынын Карасуу, Алай, Өзгөн, Ноокат, Араван
райондорунда жана Ош шаарында 2007-жылдын 26-декабрында жана
2008-жылдын 1-январында болуп өткөн жер титирөөлөрдүн
кесепеттерин жоюу, жапа чеккендерге жардам көрсөтүү жана
аларга турак жайларды куруу үчүн жер участокторун бөлүп
берүү (трансформациялоо) боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтү
жана Ош областтык мамлекеттик администрациясы тарабынан
көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жер-агрардык маселелер жана экология боюнча комитетинин төрагасы Ж.А.Жээнбековдун Ош областынын Карасуу, Алай, Өзгөн, Ноокат, Араван райондорунда жана Ош шаарында 2007-жылдын 26-декабрында жана 2008-жылдын 1-январында болуп өткөн жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу, жапа чеккендерге жардам көрсөтүү жана аларга туракжайларды куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү (трансформациялоо) боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Ош областтык мамлекеттик администрациясы тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жер-агрардык маселелер жана экология боюнча комитетинин төрагасы Ж.А.Жээнбековдун бул маселе боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Ош областынын Карасуу, Алай, Өзгөн, Ноокат, Араван райондорунда жана Ош шаарында 2007-жылдын 26-декабрында жана 2008-жылдын 1-январында болуп өткөн жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу, жапа чеккендерге жардам көрсөтүү жана аларга туракжайларды куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү (трансформациялоо) боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Ош областтык мамлекеттик администрациясы тарабынан көрүлүп жаткан иши канааттандырарлык деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:
-Ош областтык жана райондук мамлекеттик администрациялар менен биргелешип жабыр тарткан калктуу конуштарда жашаган балдар үчүн жылдын жай убагында реабилитациялык иш-чараларды уюштуруу;
- курулуш материалдарын, конструкцияларды жана буюмдарды өз наркы боюнча сатып алуу, ошондой эле баруучу жерлерге жеткирүү үчүн республикалык бюджеттен 50 миллион сом өлчөмүндө "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасын максаттуу каржылоону кароо;
- бул максаттарга кошумча 40 миллион сом карап Жапалак айыл өкмөтүнүн 420 орундук № 36 мектебин 2008-жылда куруу жөнүндө маселени чечүү;
- жабыр тарткан калкка пайызсыз узак мөөнөттүү ипотекалык ссудалары берүү үчүн республикалык бюджеттен 2008-жылга максаттуу каржылоону кароо, ошондой эле үйлөрү бузулуунун 4-даражасына таандык кылынган жабыр тарткан тургундар үчүн инфляцияны эске алуу ссудалардын өлчөмүн 200 миңден 400 миң сомго чейин жогорулатуу жөнүндө маселени кароо жана чечүү;
- азыркы убакта жабыр тарткандарга туракжай куруу үчүн трансформациялоого каралган ижарадагы Айыл чарбасына жарактуу жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери үчүн ижара келишимдерин бузуу жөнүндө маселени чечүү;
- жабыр тарткан калктын жашоосун, жеке менчик туракжайларды, коомдук багыттагы объектилерди калыбына келтирүү максатында жүргүзүп жаткан ишчараларды туруктуу координациялоону жүзөгө ашыруу;
- үйлөрдү куруу жана бузулгандарын капиталдык ремонттоо үчүн тургундар тарабынан мурда алынган ссудаларды тындыруу боюнча контролду күчөтүүгө жергиликтүү бийлик органдарын милдеттендирүү;
- областтын уроо абалындагы жалпы билим берүүчү мектептеринин окуучуларын окуусун башка мектептерде улантуу үчүн ташып жеткирүү транспорту менен камсыз кылуу;
- жабыр тарткан райондорду курулуш материалдары менен толук көлөмдө, аларды коомдук багыттагы объекттерди калыбына келтирүү жана жекече курулуштар үчүн жеткирүүнү жана бөлүштүрүүнү уюштурууну камсыз кылуу;
- Ош областында жана Ош шаарында болуп өткөн жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигин республикалык бюджеттен артыкчылыктуу каржылоону камсыз кылуу.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жерагрардык маселелер жана экология боюнча комитети (Ж.А.Жээнбеков) менен Региондук өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетине (А.М.Салымбеков) жүктөлсүн.
Төрага | А.Мадумаров
|