Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 11-апрели № 316-IV
2008-жылдын 11-апрелине Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2008-жылдын 11-апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
"Астана шаарында 2001-жылдын 15-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-казакстан мамлекеттик чегарасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Астана шаарында 2006-жылдын 4-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысыккөл областынын аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарба объекттерине Казакстан Республикасынын менчик укуктарын жөнгө салуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Бишкек шаарында 2008-жылдын 14-мартында кол коюлган мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөө жана коррупцияны ооздуктоо программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы "Миң жылдык Чакырыктарынын" эсеби Босоголук программасынын чегинде көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысыккөл областынын аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарба объекттерине Казакстан Республикасынын менчик укуктарын жөнгө салуу жөнүндө 2006-жылдын 4-июлундагы макулдашууну кол коюуга даярдоонун жол-жоболорун бузуулардын фактысын иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу.
Төрага | А.Мадумаров
|