Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-февралындагы № 3856-V
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 18-декабрында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкү курамда түзүлсүн:
Төрөбеков Нурлан Надирович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен макулдашуу тобунун тең төрагасы;
Абдылдаев Шералы Итибаевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы;
Абдылдаев Молдакун Абдылдаевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлү, Кыргыз Республикасынын Президентинен макулдашуу тобунун тең төрагасы;
Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;
Сариев Темир Аргембаевич - Кыргыз Республикасынын экономика министри.
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна 30 календарлык күндөн кечиктирбестен киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине (А.Б.Баатырбеков) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
|
|
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров
|
|
|