Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-февралы № 3853-V
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2012-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 6-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2012-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Э.С.Ибраимованын отчетун угуп, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишиндеги оң тенденцияларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2012-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Э.С.Ибраимованын отчету канааттандырарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы:
бюджеттик мыйзамдарды сактоо, мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу түзүү жана аткаруу боюнча жүргүзүлгөн аудиттердин сапаттык потенциалын жогорулатуу боюнча ишти активдештирсин;
укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү аркылуу бюджеттик каражаттарды толук кайрууну камсыз кылуу бөлүгүндөгү ишин күчөтсүн;
республикалык бюджеттин аткарылышына аудит учурунда белгилүү болгон, мамлекеттик органдар тарабынан финансылык бузуулар аркылуу республиканын бюджетине келтирилген жоготуулардын ордун толук толтурууну камсыз кылуу боюнча чараларды кабыл алсын;
колдонуудагы мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын казыначылыгынын системасы аркылуу авансылык салыктык жана бажылык төлөмдөрдү пайдалануу маселеси боюнча аудитордук жоопкерчиликти жогорулатсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине (К.С.Дыйканбаев) жүктөлсүн.
|
|
|
|
|
|
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров
|
|
|