Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 11-апрели № 320-IV
Бишкек шаарында 1992-жылдын 9-октябрында кол коюлган жана
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын
12-январындагы № 1404-ХП токтому менен ратификацияланган
Менчик мамилелеринин укуктарын өз ара таануу жана жөнгө
салуу жөнүндө макулдашууну аткарбоонун себептерин иликтөө
үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарында 1992-жылдын 9-октябрында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 12-январыңдагы № 1404-ХII токтому менен ратификацияланган Менчик мамилелеринин укуктарын өз ара таануу жана жөнгө салуу жөнүндө макулдашууну аткарбоонун себептерин иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттарынын курамында түзүлсүн:
"Ак жол" элдик партиясынын депутаттык фракциясынан:
Б.Т.Абдырасаков;
А.А.Кенжебаева;
И.В.Летова;
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын депутаттык фракциясынан:
Д.А.Ниязалиева;
Шабатоев Р.А.;
Кыргызстан коммунисттеринин партиясынын депутаттык фракциясынан:
Н.И.Байло;
И.А.Масалиев.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.И.Байло убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы болуп шайлансын.
3. Убактылуу депутаттык комиссия 2008-жылдын 1-июнуна чейин маселени иликтөөнүн натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын жана алар боюнча өз сунуштарын киргизсин.
4. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Төрага | А.Мадумаров
|