Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 17-апрели № 322-IV
"Эркектер менен аялдар үчүн тең укуктар менен
тең мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан демилге көтөрүлгөн "Эркектер менен аялдар үчүн тең укуктар менен тең мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жаштар, гендер саясаты, дене тарбиясы жана спорт боюнча комитети (О.П.Назаров) менен Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитети (З.К.Курманов) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Мадумаров
|