Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 17-апрелиндеги № 326-IV токтому менен бекитилген |
1.1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик-укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык турак үй куруу жана тейлөө менен жеке көмөкчү чарба жүргүзүү үчүн жер участогун менчикке акысыз алууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай курулуш кооперативдерин уюштуруунун тартибин белгилейт.
Көп квартиралуу турак үй куруу үчүн калктуу конуштарда уюштурулган Турак жай-курулуш кооперативдерине жер участокторун алууга укукту акысыз берүүнүн шарттары ушул Жобо менен аныкталат.
1.2. Ушул Жобонун колдонулушу жарандардын башка керектөөлөрүн канааттандыруу максатында түзүлгөн башка адистештирилген керек-жарак кооперативдерине жайылтылбайт.
Ушул Жобо менен турак жай-курулуш кооперативи (мындан ары - ТКК) Кыргыз Республикасынын мыйзамдар менен белгиленген тартипте түзүлгөн, көп квартиралуу турак үй же эки жана андан ашык көп квартиралуу турак үйдөн турган турак жай комплексин куруу үчүн жер участогун акысыз алууга укуктуу Кыргыз Республикасынын жарандарын бириктирген коммерциялык эмес кооператив катары аныкталат.
3.1. ТККны уюштуруунун жана ага кирүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык жана ушул Жобонун 4-пунктун эске алуу менен иштетип чыккан ТККнын уставы менен жөнгө салынат.
3.2. ТККны мамлекеттик каттоо юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
4.1. ТККга кирүү укугуна Кыргыз Республикасынын төмөнкү:
- материалдык жана каржылык каражаттар түрүндө өзүнүн пайлык төгүмүн ТККга салууну каалаган, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 62-статьясына ылайык ишке жарамдуу деп табылган 18 жашка толгон же жашы жетпеген;
- ТККга кирүү же жер участогун алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында эсепте турган жарандары ээ.
4.2. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-статьясынын 7-пунктуна ылайык көп кабаттуу турак үй куруу үчүн жер участогун акысыз алуу укугу мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын аймагында жекече турак жай куруу үчүн мурда берилген жер участогу жок;
- менчигинде турак жайы (үй, квартира) жок;
- турак жай аянты белгиленген санитардык ченемдер менен талаптарга жооп бербеген менчик турак жайы (үй, квартира) бар;
- менчигинде болгон турак жайларды сатуу-сатып алуу, алмашуу, белек кылуу ж.б. бүтүмдөрдү түзүү жолу менен үчүнчү жактарга менчигинен ажыратуудан көрүнгөн өзүнүн турак жай шарттарын начарлатууга багытталган жарандык-укуктук аракеттерди жасабаган турак жай кооперативдерине берилет.
4.3. ТККга кирүү үчүн ТКК башкармалыгына төмөнкүдөй документтер берилет:
- белгиленген түрдөгү арыз;
- инсанын ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын менчик укугунда турак жайы же жекече турак жай куруу үчүн мурда бөлүнүп берилген жер участогу жок экендиги жөнүндө маалымкаты;
- турак жай шарттарын иликтөөнүн актысы (жеке же биргелешкен менчикте турак жай болгондо);
- үй-бүлөнүн курамы жөнүндө жашаган жеринен маалымкат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ТККга кирүүнү же жер участогун алууну каалаган адамдарды эсепке алуу журналынан үзүндү көчүрмө.
4.4. ТККнын мүчөлөрүнүн эң аз саны, ТККнын эсептешүү эсебинде топтолгон каражаттардын өлчөмү, ошондой эле көп квартиралуу турак үйдү куруу жана тейлөө үчүн ТККга берилген жер участогунун ченемдери тиешелүү аймакта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет.
5.1. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан көп квартиралуу турак жай куруу үчүн ТККга муниципалдык менчиктеги жер участогун ээликке берүү төмөнкүдөй шарттарды аткарганда жүргүзүлөт:
- көп квартиралуу турак үйдү куруу боюнча даярдык жумуштары үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген өлчөмдөгү каражаттарды ТККнын эсептешүү эсебинде топтогондо;
- ушул Жобонун 4.3.-пунктуна ылайык ТККнын мүчөлөрү тарабынан берилген ТККнын документтеринин болгондо;
- иштелип чыккан эскиздик долбоорду бергенде;
- ТККнын мүчөлөрүнүн санынын эскиздик долбоордо каралган квартиралардын санына ылайык келгенде.
5.2. Ушул Жобонун -, 5.1-пунктунун шарттарын аткарууну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан дайындалуучу комиссия текшерет.
5.3. Жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссия жөнүндө типтүү Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
5.4. Комиссиянын чечими протокол түрүндө жол-жоболоштурулат. Протоколдо жер участогуна берилүүчү укуктун түрү, ТККнын мүчөлөрүнүн санынын эскиздик долбоордо каралган квартиралардын санына ылайык келүүсү, ТККнын эсептешүү эсебинде топтолгон каражаттар жөнүндө маалыматтар, жер участогун пайдалануунун шарттары, аны берүүнүн мөөнөттөрү жана ыкмасы көрсөтүлөт.
Протокол ыйгарым укуктуу органга жиберилип, ал орган протоколго кол коюлган үч жумушчу күндөн кийин жер участогун берүү жөнүндө чечим кабыл алат. Протоколдун жана ыйгарым укуктуу органдын чечиминин көчүрмөлөрү ТККга берилет.
5.5. Көп квартиралуу турак үй куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү Кыргыз Республикасынын Жер кодексинё ылайык жүзөгө ашырылат.
5.6. Ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде ТКК менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ортосунда жер участогун берүүнү жана аны өздөштүрүүнүн шарттары жөнүндө келишим түзүлөт.