Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 17-апрели № 333-IV
Кыргыз Республикасынын Улуттук
телерадиоуктуруу корпорациясына тапшырма
жөнүндө
Азыркы убакта ар жумалык "Парламент" телекөрсөтүүсү шаршембилерде саат 19.00 дө жана ишембилерде саат 18.00 дө обого чыгат. Көрсөтүлгөн убакта жазгы-талаа жумуштарында жана өндүрүштө иштеген республиканын калкынын негизги бөлүгүнүн Жогорку Кеңештин иши жөнүндө дайыма маалымат алып турууга мүмкүнчүлүгү жок. Жогоруда баяндалгандарды жана кептеген жарандардын каалоосун эске алып, ошондой эле калкка Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу ишмердиги, депутаттык фракциялар менен комитеттердин иши жөнүндө кыйла толук маалымдоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Ар жумалык "Парламент" телекөрсөтүүсүн обого чыгаруунун убактысын жуманын ошол эле күндөрүнүн 22 саат 05 мүнөтүнө ошол эле форматта которуу Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоуктуруу корпорациясына (М.А.Эшимканов) тапшырылсын.
Төрага | А.Мадумаров
|