Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 18-апрели № 334-IV
2008-жылдын 18-апрелине Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2008-жылдын 18-апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү кун тартиби бекитилсин:
"Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"1916-жылдын кайгылуу окуялардын курмандыктарын эскерүү күнүн белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Айрым министрликтерди жана ведомстволорду Ош шаарына которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Бишкек шаарында 2007-жылдын 22-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бүткүл дүйнөлүк банктын ортосундагы "Билим берүү бардыгы үчүн" программасын Тездетип ишке ашыруу демилгесине көмөк көрсөтүүчү трасттык фондунун гранты (ЕFА-FTI № ТF 090141 гранты) жөнүндө катты-макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Бишкек шаарында 2007-жылдын 29-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасынын долбоорун даярдоого PHRD № ТF 090315 гранты жөнүндө катты-макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Душанбе шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугун уюштуруу жөнүндө 2000-жылдын 10-октябрындагы келишимге өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу.
Төрага | А.Мадумаров
|