Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2006-жылдын 3-апрели ПБ № 100
"Кыргыз Республикасынын Антимонополиялык саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-февралындагы № 57 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Антимонополиялык саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги жөнүндө Жобого ылайык, аталган агенттиктин коллегиясы төмөнкүдөй курамда аныкталсын:
Рысалиев Иманкадыр Зарлыкович - Кыргыз Республикасынын Антимонополиялык саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигинин директору, коллегиянын төрагасы.
коллегия мүчөлөрү:
Айтбаев Акыл Казакович - директордун орун басары;
Сакиев Марат Эсенбекович - директордун кеңешчиси;
Кожошева Жекшенкүл Кожошевна - комплекстүү талдоо жана маалыматтык камсыз кылуу бөлүмүнүн начальниги;
Тажиев Алмазбек Самидинович - контролдоо башкармасынын начальниги.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |