Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 18-апрели № 344-IV
Кыргыз Республикасынын аймагында телерадиоберүүлөрдүн
сапатын жакшыртуу боюнча иш-чаралар жөнүндө
50 жылдык тарыхы бар Улуттук телерадиокорпорациясы азыркы убакта техникалык мүмкүнчүлүктөр боюнча Кыргызстандын бүткүл аймагына телекөрсөтүүнү жана радиоуктурууну камсыз кыла албайт, коомчулуктун арасында улуттук маданиятты, мамлекеттик тилди жана элдик кенчти таркатууда тоскоолдук, Кыргызстандын алыскы райондорунда жашаган жарандардмн маалымат алуу укугун чектөө мунун натыйжасы болуп саналат.
Жогоруда баяндалгандарды, ошондой эле көп сандаган жарандардын каалоосун, эске алып, алардын маалыматка жетүүгө болгон конституциялык укуктарын коргоп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:
- 2008-жылдын 20-июнуна чейин республиканын калкын УТРКнын телекөрсөтүү программасы, ЭлТР коомдук телекөрсөтүүсүнүн жана областтык телерадиокампаниялардын телекөрсөтүүсү, ошондой эле кыргыз радиосунун биринчи программасын уктуруу менен толук камсыз кылуу боюнча план иштеп чыксын;
- "Кыргызтелеком" ААКсы республиканын бүткүл аймагы боюнча телерадиоберүүлөр үчүн тиешелүү техниканы сатып алышы үчүн зарыл болгон каржы каражаттарын издеп тапсын;
- сатып алынган техникалык каражаттарды республиканын тиешелүү аймагында монтаждоо, РТР россиялык телекөрсөтүү каналын пайдаланып жаткан "Арсланбаб" РРС-6/2 станциясына метрлик диапозондогу жыштыктарды берүү жана көрсөтүлгөн станцияда кубаттуулугу 5 кВтдан кем эмес сигнал бергич орнотуу боюнча жумуштарды жүргүзүүдө "Кыргызтелеком" ААКсына көмөк көрсөтсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги:
- УТРКнын областтык телерадиокомпанияларына дециметрлик диапазондогу жыштыктарды бөлүп берсин;
- "Мамлекеттик тил жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-статьясынын аткарылышын камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2008-жылдын 20-июнуна чейин маалымдасын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана маалыматтык саясат боюнча комитетине (И.Ш.Өмүркулов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Мадумаров
|