Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 24-апрели № 345-IV
2008-жылдын 24-апрелине Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2008-жылдын 24-апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын улуттук энергетикалык программасынын жана 2025-жылга чейин отун-энергетика - комплексин өнүктүрүүнүн стратегиясынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Телекөрсөтүү жана радио уктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Президенттин каршы пикирлери жөнүндө;
"Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири жөнүндө;
"Кыргыз Республикасындагы эң төмөнкү жашоо каражаты жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери жөнүндө;
"Кыргыз Республикасындагы эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери жөнүндө;
"Бийик тоолуу шарттарда жана барууга кыйын алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар менен компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири жөнүндө;
"Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери жөнүндө;
"Социалдык колдоо көрсөтүү үчүн үй-бүлөнүн, жалгызбой жарандын ар бир кишиге орточо кирешесин эсептөөнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери тууралу;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасына кайрылуусунун долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттерине тапшырма жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу.
Төрага | А.Мадумаров
|