Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-марты № 3870-V
Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын жашылдандыруу боюнча ар жылдык айлык өткөрүү жөнүндө
Республикада жашылдандыруу боюнча иш-чараларын демилгелөө жөнүндө "Ата-Журт" фракциясынын депутаты К.Абдиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата-Журт" фракциясынын депутаты К.Абдиевдин республикада жашылдандыруу боюнча ар жылдык айлыкты демилгелөө жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Курчап турган чөйрөнү сактоо, жашоочулар үчүн байыр жашоо мейкиндигин түзүү жана жашылдандырылган аймактардын санын көбөйтүү, ошондой эле республиканын калктуу конуштарындагы болгон жашыл көчөттөрдүн сапатын олуттуу жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:
- республиканын бардык аймактарына 20-марттан 20-апрели боюнча мезгил ар жылкы "жашылдандыруу айы" деп белгилесин;
- уюмдарды, мекемелерди жана менчиктин бардык түрүндөгү ишканаларды, кеңири коомчулукту активдүү тартуу жолу менен ар бир калктуу конушта бак-дарактарды, көп жылдык бадалдуу бак-дарак өсүмдүктөрүн жана башка маданий-техникалык көчөттөрдү отургузуу боюнча ар жылкы "жашылдандыруу айынын" комплекстүү иш-чараларын өткөрүүнү камсыз кылсын;
- көп жылдык бак-дарак өсүмдүктөрүн кыйууга тыюу салуу жана жашыл көчөттөрдү коргоо маселесин карасын;
- жергиликтүү бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте менчигинин түрүнө карабастан жер участокторундагы жашыл көчөттөрдү милдеттүү коргоо принцибин иш жүзүнө киргизүүнү жана шаар курулуш иштерин жүргүзүүдө жашыл көчөттөрдү максималдуу сактоону камсыз кылсын;
- жашылдандыруу боюнча иш-чараларды кеңири даңазалоо жана чагылдыруу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын тартсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстар, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетине С.К.Нышановго) жүктөлсүн.
Төрага | А. Жээнбеков |