Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 24-апрели № 347-IV
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөр киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун
биринчи окууда кабыл алуу тууралу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2008-жылдын 14-мартындагы № 84 токтом) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети (Ю.А.Данилов) менен Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитети (З.К.Курманов) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Мадумаров
|