Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-марты № 3913-V
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 63-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөндөгү курамда макулдашуу тобун түзүлсүн:
1) Бекматов А.Г. - Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;
2) Кутушев А.О. - Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;
3) Кочкарова Э.А. - Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин мүчөсү;
4) Турсунбеков Ч.А. - Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин мүчөсү;
5) Төрөбаев Б.Э. - Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин мүчөсү;
6) Никитенко Н.В. - Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин мүчөсү;
7) Кадыралиева Ы.К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
8) Абдылдаев М.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;
9) Темирбаев А.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү.
2. Макулдашуу тобу ушул токтом кабыл алынган күндөн кийин 10 күндүн ичинде жогоруда аталган мыйзамдын макулдашылган вариантын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтомдун 2-пунктунда каралган мөөнөттө жогоруда аталган Мыйзамдын макулдашылган варианты Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилбеген учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ушул токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтомдун 2-пунктунда каралган мөөнөттө аталган Мыйзамдын макулдашылган варианты киргизилбеген учурда жооптуу комитет "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 же 2-пункттарында белгиленген чечимдердин бир вариантын Жогорку Кеңешке сунуш кылсын.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
|
|
|
|
|
|
Төрага | А. Жээнбеков
|
|
|