Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 24-апрели № 355-IV
"Бийик тоолуу шарттарда жана барууга кыйын алыскы
зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик
гарантиялар менен компенсациялар жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү
киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири жөнүндө
"Бийик тоолуу шарттарда жана барууга кыйын алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар менен компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2006-жылдын 12-декабрында кабыл алынган "Бийик тоолуу шарттарда жана барууга кыйын алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар менен компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирине макулдук берилсин.
Төрага | А.Мадумаров
|