КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 24-апрели № 356-IV
"Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда жашаган
жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана
компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын
Президентинин каршы пикирлери жөнүндө
"Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан 2005-жылдын 20-январында кабыл алынган "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерине макулдук берилсин.
Төрага | А.Мадумаров
|