Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 24-апрели № 358-IV
"Социалдык колдоо көрсөтүү үчүн үй-бүлөнүн, жалгызбой
жарандын ар бир кишиге орточо кирешесин эсептөөнүн
тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
карата Кыргыз Республикасынын Президентинин
каршы пикирлери тууралу
"Социалдык колдоо көрсөтүү үчүн үй-бүлөнүн, жалгызбой жарандын ар бир кишиге орточо кирешесин эсептөөнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2006-жылдын 19-июнунда кабыл алынган "Социалдык колдоо көрсөтүү үчүн үй-бүлөнүн, жалгызбой жарандын ар бир кишиге орточо кирешесин эсептөөнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерине макулдук берилсин.
Төрага | А.Мадумаров
|