Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 24-апрели № 360-IV
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
комитеттерине тапшырма жөнүндө
Улуттук энергетика программасын ийгиликтүү ишке ашыруу, анын бүдөмүксүздүгүн жана бөлүштүрүүчү энергетика ишканаларын менчиктештирүүдөн алынган каржы каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Улуттук энергетика фондун түзүүнүн мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени 2008-жылдын 15-майына чейин кароо Отун-энергетика комплекси боюнча комитет (Ю.А.Данилов) менен Экономика, бюджет жана каржы боюнча комитетке (А.А.Шадиев) тапшырылсын.
Төрага | А.Мадумаров
|