Загрузка документа…
ЖОГОРКУ КЕНЕШ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2008-жылдын 25-апрели № 361-IV
2008-жылдын 25-апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2008-жылдын 25-апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2008-жылдын 24-апрелинде кабыл алынган "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кароого кайрылып келүү тууралу;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматтары тууралу:
- Жалалабад областындагы Майлуусуу шаарынын мектеп окуучуларынын массалык ууланышынын фактысы жөнүндө;
- кургак учук жана СПИД боюнча эпидемиялык кырдаал жөнүндө;
- "Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралу.
Торага | А.Мадумаров
|