КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 15-майы № 368-IV
"Айыл Банк" ачык акционердик коомун менчиктештирүү
концепциясынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-июнундагы № 246 токтому менен жактырылган "Айыл Банк" ачык акционердик коомун менчиктештирүү концепциясы жөнүндө маселени карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана каржы боюнча комитети (А.А.Шадиев) менен биргелешип акцияларын инвестициялык сынакта сатуунун тандап алынган вариантын сунуш кылуу менен "Айыл Банк" ачык акционердик коомун менчиктештирүү жөнүндө маселе боюнча токтомун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага |
А.Мадумаров
|