Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 15-майы № 372-IV
"Фельдъегердик байланыш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамын биринчи окууда кабыл алуу тууралу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Сабиров тарабынан демилге көтөрүлгөн "Фельдъегердик байланыш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөржайды, сооданы, туризмди, чакан, орто бизнести, транспортту, коммуникацияларды, курулушту жана архитектураны өнүктүрүү боюнча комитети (У.З.Ормонов) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Мадумаров
|