Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-марты № 3864-V
"Гендик модификацияланган организмдерди камтыган азыктарды Кыргыз Республикасында өстүрүүгө, өндүрүүгө, алып кирүүгө жана сатууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары Э.Б.Иманкожоева, Э.Б.Джумалиева жана У.А.Аманбаева тарабынан демилгеленген "Гендик модификацияланган организмдерди камтыган азыктарды Кыргыз Республикасында өстүрүүгө, өндүрүүгө, алып кирүүгө жана сатууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети (Д.А.Ниязалиева) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
|
|
Төрага | А. Жээнбеков
|
|
|