Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
2008-жылдын 15-майындагы № 376-IV токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2005-жылдын 14-октябры № 568-III
I жана II чакырылыштагы (1995-2005-жылдар) Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу
жыйынынын жана Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттарынын
квартираларын сатуу жөнүндө
I жана II чакырылыштагы (1995-2005-жылдар) депутаттар ээлеген жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын балансында турган кызматтык квартиралар жөнүндө маселени карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши токтом кылат:
1. I жана II чакырылыштагы (1995-2005-жылдар) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын жана Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттарына берилген кызматтык квартираларды фондулук квартираларга которуу менен алар ошол чакырылыштагы депутаттарга 40 процент арзандатылган рыноктук баада сатылсын.
2. II чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Н.И.Байлого өзүнүн жеке менчигинде турган эки бөлмөлүү квартирасын үч бөлмөлүү кызматтык квартирага алмаштырууга уруксат берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2005-жылдын 20-январындагы 3 № 1928-II, 2005-жылдын 27-мартындагы 3 № 1939-II, 3 № 1940-II, 3 № 1942-II, 3 № 1943-II токтомдору жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасы А.А.Бөрүбаевдин 2004-жылдын 23-декабрындагы № 24-12/17 тескемеси жокко чыгарылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин иш башкармалыгы:
- ушул токтом кабыл алынган күндөн баштап үч айдын ичинде квартираларды сатууну уюштурсун жана сатуудан түшкөн каражатты Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен макулдашуу аркылуу эсептешүү эсебине топтоштурсун;
- кызматтык квартираларды сатуудан түшкөн каражаттарды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Горная 2 көчөсүндө курулуп жаткан 110 квартиралуу кызматтык үйүн курууга жумшалсын.
5. I жана II чакырылыштагы (1995-2005-жылдар) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын жана Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары кызматтык квартираларын сатып алуудан баш тарткан учурда алар белгиленген тартипте аукцион аркылуу сатылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Б.Э.Шерниязовго жүктөлсүн.
Төрага | О.Текебаев
|