Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-марты № 3865-V
"Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" жана "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Б.Иманкожоева, Э.Б.Джумалиева жана У.А.Аманбаева тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" жана "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети (Д.А.Ниязалиева) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
|
|
Төрага | А. Жээнбеков
|
|
|