Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-марты № 3866-V
"Камкордук кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Р.Б.Жээнбеков, Ч.А.Турсунбеков, Ж.К.Кудайбергенов, Д.Д.Бекешов, О.Абдырахманов, Б.А.Мамырова, У.Т.Кочкоров, М.А.Султанов, Б.И.Сулейманов, И.И.Исаков жана У.С.Чолпонбаев тарабынан демилгеленген "Камкордук кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети (Д.А.Ниязалиева) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
|
|
Төрага | А. Жээнбеков
|
|
|