КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-марты № 3867-V
"Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө", "Мамлекеттик кызмат жөнүндө", "Муниципалдык кызмат жөнүндө", "Билим берүү жөнүндө", "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Р.Б.Жээнбеков, Ч.А.Турсунбеков, Ж.К.Кудайбергенов, Д.Д.Бекешов, О.Абдырахманов, Б.А.Мамырова, У.Т.Кочкоров, М.А.Султанов, Б.И.Сулейманов, И.И.Исаков жана У.С.Чолпонбаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө", "Мамлекеттик кызмат жөнүндө", "Муниципалдык кызмат жөнүндө", "Билим берүү жөнүндө", "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети (Д.А.Ниязалиева) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
|
|
Төрага | А. Жээнбеков
|
|
|