Загрузка документа…
2010-жылдын 9-июну УӨ № 130-р
«Кыргыз кооперативдер союзу» юридикалык жактардын уюмун Кыргыз Республикасынын Кооперативдер ассоциациясынын укугун мурастоочу катары таануу жөнүндө «Кыргыз кооперативдер союзу» юридикалык жактардын уюмунун «Башкаруу,укук, финансы жана бизнес эл аралык академиясы» илимий-билим берүү мекемесинин үстүнөн берген доо арызы боюнча жарандык иш боюнча «Кыргыз кооперативдер союзу» юридикалык жактардын уюмунун көзөмөлдүк даттануусу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда каралгандыгына, аны кароого Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүнчү жак катары тартылгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-апрелиндеги № 21 «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктун жетекчиликке алып:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрилигинин юридикалык бөлүмүнүн башкы адиси Саралаева Нази Өмүрбековнага бардык сот заседаниелеринде, бардык сот инстанцияларында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат башкадарга берүү укугусуз берилсин.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси |
Э.Каптагаев |