КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 16-майы № 385-IV
"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жер-агрардык маселелер жана экология боюнча комитети (Ж.А.Жээнбеков), Региондук өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитети (А.М.Салымбеков) жана Экономика, бюджет жана каржы боюнча комитети (А.А.Шадиев) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Исабеков тарабынан демилге көтөрүлгөн "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
Төрага | А.Мадумаров
|