Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 22-майы № 397-IV
2008-жылга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
каржылык отчеттуулугунун аудити боюнча эл аралык аудитордук
компанияны тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына
киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
депутаттарынын ичинен талапкерлерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
- 2008-жылга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын каржылык отчеттуулугунун аудити боюнча эл аралык аудитордук компанияны тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына төмөнкү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын талапкерликтерин киргизсин:
"Ак жол" элдик партиясынын депутатгык фракциясынан:
С.М.Ибрагимов;
А.С.Кулбаев;
Ш.Садыбакасова;
А.С.Тагаев;
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын депутаттык фракциясынан:
А.Ш.Жээнбеков;
Кыргызстан коммунисттеринин партиясынын депутаттык фракциясынан:
Б.У.Мамасейитова;
- тендердик комиссиянын иши үчүн белгиленген тартипте тиешелүү шарттарды камсыз кылсын.
Төрага | А.Мадумаров
|